Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 14–16-октябрда Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн салык кызматтарынын жетекчилеринин 32-отурумуна катышты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз бөлүмү маалымдады.
Жыйында көмүскө экономикага каршы күрөш, салыктык көзөмөлдү санариптештирүү жана салык инспекторунун жаңы ролу талкууланды.
Алмамбет Шыкмаматов өз сөзүндө салык инспектору азыр «жазалоочу эмес, мамлекет менен коомдун ортосундагы көпүрө» болуп калыптанып жатканын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан салык инспекторлорунун жаңы философиясын — коркутууга жана жазалоого эмес, билимге, диалогго жана биргелешкен жоопкерчиликке негизделген жаңы философиясын калыптандырууга жигердүү катышууга ниеттенип жатканын билдирди. Анын айтымында, электрондук кызматтар жана онлайн-кассалар ишкерлер менен салык органдарынын ортосунда ишенимди бекемдеп, административдик жүктү азайтат.
«Салык тармагындагы боло турган жана учурда болуп жаткан башкы трансформация — бул салык инспекторунун «жазалоочу» эмес, бизнеске жана жаранга салык милдеттенмелерин аткарууда чынчыл жана ачык жолун табууга жардам берген жол көрсөткүч жана медиатор кызматкерге айланышы. Бүгүнкү күчтүү салык кызматкери — бул эртеңки күчтүү мамлекет. Ал эми ишенимге жана кызматташтыкка бириккен күчтүү мамлекеттер — бүтүндөй аймактын келечегинин бекем пайдубалы», — деди Шыкмаматов.