"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 343 талапкер арыз берди

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 343кө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.

Талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 30-октябрда жыйынтыкталат. Ал эми шайлоо 30-ноябрда өтөт.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

Боршайкомдун билдирүүсүндө, алдын ала шайлоочулар тизмесине 4 миллион 287 миңден ашык адам кирген. Жарандар 30-октябрга чейин өзүн тизмеден тактап алышы керек.

Шайлоо үчүн өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси даярдалууда.