«Килемдер керемети» эл аралык көргөзмөсүндө байыркы килем токуу өнөрүн сактоо жана жаш муундарга жеткирүүгө кошкон салымы үчүн Баянхон Тешабоева экинчи орунду, ал эми улуттук кол өнөрчүлүккө болгон шыгы менен айырмаланган Чынара Голова үчүнчү орунду ээледи.
Иш-чара улуттук килемчилик салтын сактоо, заманбап дизайн менен өндүрүштү өркүндөтүү жана кол өнөрчүлүктү туризм менен айкалыштырып өнүктүрүү максатында уюштурулду. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Афганстандан келген чеберлер катышты.
Көргөзмө Өзбекстандын Хорезм облусунун Хива шаарындагы «Арда» комплексинде өттү.