2025-жылдын январь–сентябрь айларында Мамлекеттик салык кызматына жарандардан жана юридикалык жактардан 181 кайрылуу келип түштү. Каралган кайрылуулардын негизинде 126 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылып, 13 кызматкер кызматтан кеткен, 3 кызматкер кызматынан төмөндөтүлдү.
Аймактык органдарда 4 кызматкер жоопкерчиликке тартылды.
Мындан тышкары, 136 салык төлөөчү мыйзам бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, 15ине эскертүү берилди. Үч салык төлөөчүгө салык салуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.