"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ош: Аймактык башкармалык жетекчилерине кызматтык унаалар тапшырылды

Ош шаарындагы муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын башчыларына кызматтык унаалар берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалардын ачкычтары жетекчилерге мэр Жеңишбек Токторбаев тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылып, ал жетекчилерди жигердүү жана жоопкерчиликтүү иштөөгө чакырды.

Кызматтык унаалар шаардык мэриянын бюджетинин эсебинен алынган.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында жалпы 9 аймактык башкармалык бар. Анын ичинен 6 — муниципалдык, 3 — айылдык башкармалык болуп эсептелет.