"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Бакыт Токтогазиев: «ОНКОЛОГИЯДАГЫ «МИКРОТОЛКУН АБЛЯЦИЯ» ЫКМАСЫ БЕЙТАП ҮЧҮН ГАНА ЭМЕС, МЕДИЦИНАДА ДА ЧОҢ ЖЕТИШКЕНДИК»

Акыркы жылдары Кыргызстанда эндоскопиялык жана лапароскопиялык ыкмалар менен жасалган операциялардын саны арбып, бейтаптарга ыңгайлуу шарт түзүлүүдө. Ар бир ийгиликтүү операциянын артында тактык жана адам өмүрүнө болгон зор жоопкерчилик турат. Дал ушул сапаттарды өзүнүн эмгеги менен далилдеп келе жаткан жалпы эндовидео хирург, колопроктолог, онколог, медицина илимдеринин кандидаты  Бакыт Токтогазиев ар бир бейтапка өзгөчө көңүл буруп, заманбап ыкмалар менен айыктырууну максат кылып келет. Бакыт Токтогазиевге бир эле биздин өлкөнүн жарандары эмес, Орто Азия жана алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары да келип жаткандыгын көрүп, биз дарыгер менен хирургиядагы жаңы багыттар жана биздин медицинадагы акыркы жетишкендиктер тууралуу сүйлөштүк.

– Бакыт Токтогазиевич, жаңы эле операциядан чыктыңыз. Бейтапка кандай операция жасалды?

– Азыркы учурда Кыргызстан эле эмес, жалпы Орто Азия мамлекеттеринин ар бир үчүнчү жараны кызыл өңгөчтүн грыжасы же рефлюкс оорусу менен жабыркайт. Бизде өзгөчө той-топур көп болуп, кечкисин тамакты ченемден ашыкча жеп алуу адаты кеңири жайылган. Ашыкча тамактануудан жабыркагандар «буга операциянын кереги барбы?» деп сурашат. Бирок операция маалында бул оорулар айрым учурда кызыл өңгөчтүн залалдуу шишигине алып келерин көрүп жатабыз. Бул ирет жасалган операция эндоскопиялык жана лапароскопиялык ыкма менен аткарылды. Операция маалында кызыл өңгөчтүн тешиги жабылып, ашказандын өзүнөн клапан жасалды. Натыйжада тамак оозго кайра келбей, тамактанып жатканда кызыл өңгөч күйбөй, бейтаптын абалы кыйла жеңилдейт. Андыктан операция бир топ жеңил өтүп, бейтап 1-2 күндүн ичинде эле өзүн жакшы сезип калат.

– Сиздер жасап жаткан операцияларга суроо-талап жогору экен. Бул багытта техникалык базаңыздар талапка жооп береби?

– Азыркы учурда өлкөбүздүн жети облусундагы ооруканалардын көбүндө эндоскопиялык жана лапароскопиялык жабдуулар бар. Албетте, алардын баары эле жогорку деңгээлдеги жабдуулар эмес, ошентсе да бейтаптарга натыйжалуу колдонулууда. Ал эми борбор шаардагы Улуттук онкология борбору, №3 шаардык балдар ооруканасы, Улуттук хирургия борбору жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык борбору талапка жооп бере турган заманбап жабдыктар менен жабдылган.

Мындан тышкары, жакында бул борборлорго 3D лапароскопиялык аппараттары алынып келинип, жаңы жабдуулардын келиши операциялардын сапатын кыйла жогорулатып жатат. Жакында эле менин Европа өлкөлөрүнүн биринде 3D аппараты аркылуу кызыл өңгөчкө операция жасоо ыкмасы боюнча макалам жарыяланды. Албетте, эл аралык деңгээлдеги мындай илимий материалдын жарыяланышы чакан мамлекет болсок да, заманбап технологиялар менен иштей алаарыбызды көрсөтүү максатында жасалган кадам болду.

Ал эми бүгүнкү күндө эндоскопия жана лапароскопия ыкмаларын кеңири жайылтуу үчүн кайсы гана оорукананын администрациясына кайрылбайлы, баары колдоо көрсөтүп, жардам берип жатышат. Хирургиядагы бул багыт бейтаптар үчүн гана эмес, мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн да чоң салым болот. Ошондуктан бизди колдогон бардык кесиптештерге ыраазычылык билдирем. Азыр көп бейтаптар чет өлкөгө кетпей, жаңы ыкма, жабдыктардын келиши менен биздин дарыгерлерге ишенип, өзүбүздөн эле дарыланууну тандай башташты. Бул да болсо саламаттык сактоо тармагындагы чоң жетишкендигибиз деп эсептейм.

– Онкологиялык хирургияда да бейтаптарга операция жасап келесиз. Бул тармакка жаңы ыкмалар кирип жатабы?

– Онкология менен жабыркаган бейтаптардын жылдан жылга көбөйүп жатышы өтө кейиштүү. Мурун практикада жүргөндө жаш кыз-келин, жаш балдарды мындай дарт менен сейрек көрчү элек. Жаш курактагы адамдарда бул оору өтө агрессивдүү өтөт, ошондуктан аны менен күрөшүү да кыйыныраак. Ошентсе да биз онкологиялык оорулар тууралуу элге маалымат берүүгө аракет кылып, жаңы дарылоо ыкмаларын киргизип, бул боюнча практикада колдонуп жатабыз. Мурун залалдуу шишик боорго тарап кеткен учурда аны сөзсүз түрдө кесип салууга туура келчү. Азыр «микротолкундуу абляция» деп аталган ыкмада УЗИ аппаратынын жардамы менен боордогу шишиктин ичине кирип барып, аны микротолкун аркылуу күйгүзөбүз. Процедура жеңил өткөндүктөн бейтап эртең менен келип, дарылоону алып, ошол эле күнү үйүнө кете алат.

3D аппаратынын келиши менен онкологиялык бейтаптарга жаңы дары-дармектер киргизилип, бул аппараттын жардамы менен операция маалында бездерде метастаз бар же жок экенин аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Дүйнө жүзүндө онкологиялык ооруларда бездерди тазалоонун белгилүү стандарттары бар. Мурун чоң операция учурунда көп бездерди алып салууга туура келчү. Азыр жаңы ыкманын жардамы менен өзгөрүүгө дуушар болгон бездерди так аныктап, аларды терип, алып салабыз. Натыйжада операциянын узактыгы кыскарып, бейтап тезирээк сакайып чыгат. Ошондой эле мында оорунун жайылышынын алдын алууга да чоң өбөлгө түзүлүүдө.

Бул ыкмалар онкологиялык бейтаптар үчүн гана эмес, жалпы медициналык илим үчүн да чоң жетишкендик болуп саналат. Мурда биз дүйнөлүк онкологиялык ассоциацияларга мүчө боло албай келгенбиз. Эми Монголия жана Корея мамлекеттеринин адистери менен кызматташуу аркылуу жаңы технологияларды киргизип, иш жүзүндө колдонуп жатабыз. Микротолкундуу абляцияны колдонуу менен бездерди текшерүү ыкмалары бардык онкологиялык ооруларда колдонулат.

– Аялдардын миома оорусу боюнча да жакшы натыйжаларга жетишип, жыныс органын сактап калып жатасыздар. Бул жаатта кандай ыкмаларды колдонуудасыздар?

– Ооба, акыркы убакта аялдардын миома оорусу менен кайрылгандар көп. Жакында эле Казак-стандан бир бейтап келди. Ал жактагы дарыгерлер «миоманы жатын менен кошо алып салабыз» дешиптир. Миоманын салмагы 8 килограммга чейин жеткен экен. Ал бейтап «толуп жатам го» деп ойлоп жүрө берген. Бизге келгенден кийин анын жатынын сактап калуу менен миомасын алдык.

Эгер миома залалдуу эмес шишик болсо, жатынды сактап калууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бирок мындай учурда кан кетүү көбүрөөк болгондуктан, көпчүлүк дарыгерлер тобокелчиликке баргысы келбейт. Биз азыр операция маалында кан тамырларды убактылуу кысып, ошол аралыкта миоманы алып, андан кийин жатынды тигебиз. Операция бүткөн соң кан тамырларга коюлган клипсыларды алып салабыз. Натыйжада кан кетүү дээрлик болбой, бейтап тезирээк сакаят. Бул ыкма мурда эле колдонулуп келген, ошентсе да биз аны өз тажрыйбабызда өркүндөтүп жатабыз. Жатынды сактап калуу аялдардын төрөт мүмкүнчүлүгүндө абдан маанилүү болгондуктан, миома оорусу менен кайрылган бейтаптардын 99%ынын жатынын сактап калуудабыз.

– Каракол шаарында кичинекей кызда эки жатын бар экени аныкталып, операция жасалганы тууралуу маалымат чыккан эле. Ошол тууралуу айтып берсеңиз…

– Ооба, ал бейтапты УЗИге түшүргөндө башында «киста» деп ойлошкон. Мындай абал болжол менен 5 пайыздай учурда сейрек кездешет. Көрсө, кызда эки жатын бар экен. Биринчи жатындан эле экинчи жатын чыгып турган. Эки жатын менен балалуу болуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, бирөөсүн алып салдык. Бейтаптын бир жатынын сактап, бүгүнкү күндө анын абалы жакшы.

Мындан үч ай мурда Ош облусунан дагы 14 жаштагы бейтап кайрылган. Ал кыз төрөлгөндөн бери жатын кыны жок экен. Этек кири келгенде кан сыртка чыкпай, ичине топтоло берген. Кыз өзү деле билбей жүрө берип, кийин анын ичи катуу ооруп баштаганда гана ата-энеси дарыгерге алып келишкен.

Биз бул бейтапка лапароскопия жолу менен операция жасап, ичегиден жатын кынын жасап, аны жатын менен коштук. Азыр операциядан үч ай өттү. Кыздын этек кири кадимки нормага келип, өзүн жакшы сезип жатат. Албетте, мындай бейтаптарга туруктуу байкоо жүргүзүү керек, ошондуктан биз анын абалын мындан ары да көзөмөлдөп турабыз.

– Сиздер эндоскопиялык аппарат менен операция жасаганда ички органдардын баары көрүнөт экен. Бир эле учурда бир нече операцияны чогуу жүргүзгөн учурлар болобу?

– Мен ар бир бейтап операцияга кирип жатканда «кандай гана изилдөө жүргүзүлбөсүн, кээде оорунун 5-10% белгилери көрүнбөй калат» деп түшүндүрөм. Мисалы, операция учурунда күтүлбөгөндөй башка оорулар чыгышы мүмкүн. Эгер бейтаптын абалы жана организмдин мүмкүнчүлүгү ылайык келсе, бир эле учурда 2ден 5ке чейинки операцияны чогуу жасай алабыз.

Бейтаптар көбүнчө «операция лазер менен жасалат экен», «орган толук көрүнбөй калат экен» деген сыяктуу суроолорду беришет. Чынында лапароскопиялык аппарат жөнөкөй эле, бирок өтө так инструменттерден турат. Алар узун болгондуктан, биз бейтаптын денесине кичинекей гана тешик аркылуу кирип операция жүргүзөбүз. Аппараттагы видеокамера кадимки көзгө караганда 10 эсе так көрсөткөндүктөн, операция маалында башка ооруларды да аныктап калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Мында кандай гана операция жасабайлы, майда кан тамырлардын өзүнө чейин так көрүнөт. Ал эми кадимки ачык операцияда алысыраак туруп иштегендиктен майда кан тамырлар көзгө урунбай калат. Ошондуктан лапароскопия ыкмасынын мүмкүнчүлүктөрү бейтап үчүн кеңири жана коопсуз.

Кенже Осмоналиева