Бишкек шаарында жылуулук берүү белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы маалымдады.
Ишкананын башкы инженеринин орун басары Юрий Дмитрущенконун айтымында, жылуулук берүү чечими абанын орточо температурасына жараша кабыл алынат.
«Эреже боюнча, эгерде абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан төмөн болсо, мэрия жылуулук берүүнү баштоо боюнча буйрук чыгарат», — деди ал.
Азыркы учурда аба ырайы көзөмөлдөнүп жатат, жана тиешелүү шарттар түзүлгөндөн кийин шаарда жылуулук берүү чечими кабыл алынат.