"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар

Биринчи чейрек 4-ноябрда жыйынтыкталат

Кыргызстандын бардык мектептеринде 2025–2026-окуу жылынын биринчи чейреги 4-ноябрда аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуучулар үчүн күзгү эс алуу 5–9-ноябрь күндөрүнө белгиленди.

Министрлик окуучуларга пайдалуу жана коопсуз эс алуу каалап, ата-энелерди балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.