"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Быйыл импортко байланыштуу 50 мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрь айына чейин ветеринардык көзөмөл өткөрүү пункттарында импорттук товарларды жана жаныбарларды алып кирүүгө байланыштуу 50 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, талапка жооп бербеген азыктар жана жаныбарлар алынып келген өлкөлөргө кайра жөнөтүлгөн. Жалпысынан 130 партия товар кайтарылып, анын 39у Казакстанга, 6сы Өзбекстанга, ал эми 85и Россияга тиешелүү болгон.

Кайтарылгандардын арасында 209 жаныбар, 306 миңден ашык тоок жумурткасы, 77 тонна сүт азыктары, 145 тонна эт, 129 тонна тоют жана 17 миң литрге жакын кымыз бар.