«ОшМУ» футбол клубуна Кыргыз футбол биримдигинин карамагында болгон Foton үлгүсүндөгү автобус тапшырылды. Бул тууралуу футбол биримдигинин маалымат кызматы билдирди.
КФБнын биринчи вице-президенти Нурдин Букуев клубдун жетекчиси Айбек Сулаймановго автобустун ачкычын тапшырды.
Букуевдин айтымында, бул демилге футбол клубдарын колдоо, шыктандыруу жана мотивация берүү максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, «ОшМУ» футбол клубу Премьер-Лиганын алкагында Ош шаарынын намысын коргоп келет.

