Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу “World Boxing” версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунга көтөрүлдү. Рейтингдин жаңыланган тизмеси 17-октябрда жарыяланды.
Мушкер 60 кг чейинки салмак категориясында 975 упай менен рейтингде 3-орунга чыккан.
Мындан тышкары, кыргыз мушкерлеринин арасында Ихтияр Нишонов (70 кг чейин) — 7-орунда, ал эми Нурадин Рустамбек уулу (75 кг чейин) — 11-орунда турат.
“World Boxing” рейтингинде упайлар “World Boxing Challenge” турнирлеринде, Дүйнө кубогунда, дүйнө чемпионаттарында жана Олимп оюндарында топтолгон жыйынтыктарга жараша эсептелет.

