Бишкек шаарынын мэриясы быйылкы жылдын аягына чейин 19 көчөнүн 14үн пайдаланууга берүү, ал эми 5 көчөнүн курулушун 2026-жылы аяктоо пландалып жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 43 чакырымды түзгөн көчөлөрдө куруу, реконструкциялоо жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер шаардагы транспорт кыймылын жакшыртуу жана жол инфратүзүмүн жаңылоого багытталган.
Мэриянын маалыматына караганда, быйыл Медеров, Жибек жолу, Жаш Гвардия, Шабдан баатыр, Москва, Ахунбаев, Курманжан датка, Калинин, Дэн Сяопин жана Лев Толстой сыяктуу бир катар көчөлөрдө оңдоо иштери аяктады.
Учурда Фучик, Ауэзов, Шүкүров, Жибек жолу жана Бакаев көчөлөрүндө курулуш жана көпүрө салуу иштери уланууда.
Ал эми келерки жылы Ауэзов, Кара-Дарыя, Ахунбаев, Сухэ-Батор, Дэн Сяопин, Лев Толстой жана Абдумомунов көчөлөрүнүн долбоорлору толук бүткөрүлмөкчү.

