Бүгүн, 23-октябрь — Ак илбирстин эл аралык күнү. Президент Садыр Жапаров бул күндүн маанилүүлүгү тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазып, ак илбирсти эркиндиктин, чыдамкайлыктын символу катары сүрөттөп, кыргыз эли менен бул жаныбардын тагдыры ажырагыс экенин баса белгиледи.
«Ак илбирс – ак кар баскан тоолорубуздун жаны, көк мелжиген чокуларыбыздын сакчысы, эзелтен туу тутуп келаткан эркиндигибиз менен чыдамкайлыгыбыздын жандуу символу. Ал дагы элибиз сыяктуу ак мөңгүлүү тоолоруна берилген. эң кыйын кезеңдерде дагы өз жерин таштап кетпейт. Биз, улуу тоонун уул-кыздары асман тиреген бийик чокулардан эркиндикти, эгемендикти жана майтарылбас эркти үйрөндүк», — деп жазды Президент.
Ошондой эле бул күнгө карата Президенттин Администрациясынын кызматкерлери «Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясына чыгышты.
Иш-чара Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана Президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын катышуусунда өтүп, жаратылышты коргоо жана экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу максатында уюштурулду.

