Ушул күндөрдө «Кошой» кант заводунда иш кызуу жүрүп жатат. Аталган заводдун кызылчаны кабыл алуу пунктунун башчысы Каныбек Толонгутовдун айтымында октябрь жана ноябрь айларында кант кызылчасын кабыл алып, кумшекер өндүрүүнүн сезону күч алат. Анын айтымында 1-октябрдан бери кызылчаны кабыл алуу башталган. Азыр 40 миң тоннадай кызылчанын запасы бар, ал четинен заводго берилүүдө. Күнүнө Сокулук районунан 150дөй КАМАЗ кызылча ташып келүүдө. Андан сырткары Кемин, Кант жана Ысык-Атанын кызылчалары вагон менен да келип түшүп турат.
Эске салсак, Шопоков шаарындагы «Кошой» заводу кумшекер өндүрүшүн Ата Мекендик согуш учурунда баштаган. Ал кезде завод күнүнө 1 жарым миң тонна кызылчаны кабыл алган болсо, азыр 3 миң тоннага чейин кабыл алат жана өндүрүш толугу менен заманбапташтырылган.
Дыйкандар алып келген кант кызылчалары алгач электрондук таразага тартылып, андан соң, андагы кызылчанын сапаты текшерүүгө жиберилет. Тапшыруучу тарап кем дегенде 15 кг кызылчасын лабораторияга өткөрүп, бир нече мүнөттүн ичинде кызылчанын кирдиги жана шекердүүлүгү тууралуу маалымат ала алат. Орто эсеп менен кызылча 15% — 21%га чейин канттуу болушу керек. Анын канттуу болушу – сортуна, өсүү шартына, жетилүүсүнө жана аба ырайына жараша өзгөрөт. Быйыл кургакчылыктын айынан кызылчанын көлөмү майдараак, бирок шекердүүлүгү нормага туура келет.
Жалпысынан азыр заводдо 3 жарым миң тонна даяр шекер сакталып турат. Албетте аны сактоодо тийиштүү талаптарды эске алуу зарылчылыгы бар экен. Анткени шекер ысыктан да, сууктан да бузулат. Кампада 17-18 градус жылуулуктун болушу шарт.
Келишим боюнча дыйкандар өндүрүлгөн шекердин 30 пайызын акчалай, калганын даяр шекер түрүндө алышат. Ал эми аны сактоо опурталдуу болгондуктан, заводдун кампасында сактап, каалаган кезде алып чыгып кетишет. “Кошой” заводунун директору Павел Немченконун айтымында, кумшекердин өндүрүш мезгили болжол менен эки айга созулат.
Өткөн жылы Кошой заводу 48 тонна кумшекер өндүргөн, быйыл болжол менен 22-23 миң тоннадай болушу күтүлөт. Бирок, бул шекердин тартыштыгын жаратат дегенди билдирбейт. Анткени кампада былтыркы шекердин кору да бар. Андыктан шекердин баасы кымбаттайт деп кооптонууга да негиз жок. «Кошой» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы жана «Кайыңды-Кант» директорлор кеңешинин мүчөсү – Алмазбек Алтыбаевдин айтымында, азыр шекердин баасы тескерисинче түшүп жатат.
Учурда Кыргызстандын кант заводдорунда кумшекердин 1 килограммы 62 сом 50 тыйын. Шекердин арзандыгы калк үчүн жакшы болгону менен, дыйкандар үчүн жагымсыз жагдай. Анткени алар жетиштүү киреше албаса, кийинки жылы кант кызылчасын айдабай коюшу ыктымал. Бул болсо кайрадан шекердин тартыштыгына жана баанын кескин өсүшүнө алып келери белгилүү.
Жазгүл Кенжетаева

