Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, дүйнө чемпиону болду. Ал 72 килограмм салмак категориясында күч сынашты.
Нурзат Нуртаева адегенде Германиядан келген атаандашын жеңип, чейрек финалда россиялык балбанды утту. Жарым финалда чоңдор арасындагы 2024-жылдагы Азия чемпиону болгон япониялык спортчуну 6:3 эсебинде артта калтырды.
Чечүүчү беттеште кыргызстандык спортчу АКШнын өкүлү, 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиону Джасмин Долорес Робинсон менен таймашып, жеңишке жетишти.
Муну менен Нурзат Нуртаева 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпиону наамын алган экинчи кыргызстандык балбан кыз болду. Биринчиси 2021-жылы Айпери Медет кызы болгон.

