Кыргызстан боюнча 2025-жылдын 20–26-октябрь аралыгында 24 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.
Маалыматка ылайык, бир жуманын ичинде жалпысынан 24 270 жолу жол эрежеси бузулган.
Алардын ичинен:
-
тиешелүү документтери жок унаа башкаруу боюнча — 2 117 учур,
-
мас абалында унаа айдоо боюнча — 399 учур,
-
терезелерди мыйзамсыз караңгылатуу боюнча — 227 учур,
-
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуу боюнча — 1 985 учур,
-
транспорт каражаттарын колдонуу эрежесин бузуу боюнча — 3 186 учур,
-
автоээнбаштык боюнча — 43 учур,
-
белгиленген ылдамдыктан ашуу боюнча — 3 649 учур,
-
жалган мамлекеттик номур менен унаа башкаруу боюнча — 13 учур,
-
башка мыйзам бузуу фактылары боюнча — 12 651 учур катталды.
Жыйынтыгында 3 513 автоунаа айып короого токтотулду.

