"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Улуттук банктын жаңы имараты миң тоннага чейинки алтынды сактайт

Бүгүн, 28-октябрда, Бишкекте Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын жаңы имаратын ачты. Мамлекет башчысы андагы кызматкерлердин иш бөлмөлөрү, жыйындар залы жана музейди көрүп чыкты.

Садыр Жапаров Улуттук банк мамлекетибиздин эгемендигинин ажырагыс белгиси экендигин айтып, сомдун туруктуулугун сактоонун маанисине токтолду:

“Сомдун туруктуулугун камсыз кылуу — Улуттук банктын эң башкы милдети. Бул милдет ар бир жарандын турмушуна, ар бир үй-бүлөнүн жашоосуна түздөн-түз таасир эте турган жооптуу милдет. Мына ошондуктан элдин сомго болгон ишеними — мамлекеттин бекемдигинин белгиси”, – деди ал.
Ошондой эле ачылыш аземде Президент маанилүү жаңылык менен бөлүшүп:
«Мурда мамлекет алтынды сактоодо кыйынчылыктарды тартып келген — тиешелүү шарттар жетишсиз эле. Өлкө өзүнүн корун чет өлкөдө сактоого аргасыз болгон. Мындан ары Улуттук Банк эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген, миң тоннага чейинки алтынды сактай ала турган эң чоң кампага ээ болууда. буга байланыштуу мындан ары биз өз запастарыбызды ишенимдүү сактап гана тим болбостон, чет элдик өнөктөштөргө да ушундай кызматтарды көрсөтө алабыз”, – деди.