"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ысык-Атадагы 226 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 226 гектар жер мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жер 1992–1994-жылдары мыйзамсыз түрдө муниципалдык менчиктен чыгарылып, тургундар тарабынан айдоо жери катары пайдаланылып келген.

УКМКнын билдиришинче, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызматкерлери расмий жол-жоболорду сактабастан, айдоо максатында адамдарга жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп беришкен. Натыйжада мамлекетке ижара төлөмдөрү түшпөй келген. Мындан улам аны мамлекеттин менчигине кайтаруу чечими чыгарылды.