"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Кыргызстанда тамеки экспорту өсүүдө

Кыргызстандын тамеки өндүрүшү менен экспорту жылдан жылга туруктуу өсүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, «30+20+10» долбоорунун алкагында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тамеки өстүргөн дыйкандар менен талаа жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушууда жер маселеси, экспортко ылайыктуу сорттор, жаңы агротехнологияларды колдонуу жана өндүрүштүн эффективдүүлүгүн арттыруу сыяктуу негизги темалар талкууланды. Ошондой эле топурактын абалын изилдөө үчүн үлгүлөр алынып, сапаттуу түшүм алуу боюнча адистер сунуштарды даярдап жатышат.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2024-жылы өлкөдөн жалпы 639,5 тонна тамеки жана анын калдыктары экспорттолгон. Анын ичинен:

99,2 тонна — Грецияга,

60,3 тонна — Вьетнамга,

477 тонна калдыктар — Россияга жөнөтүлгөн.

Ал эми 2025-жылдын биринчи тогуз айында экспорт көлөмү дагы өсүп, төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталган:

288 тонна — Грецияга,

187 тонна калдыктар — Россияга,

18 тонна — Казакстанга.

Экспорт багыттары кеңейип, жаңы рынокторго чыгуу аракети уланып жатат. Адистердин айтымында, ар бир дыйкандын салымы өлкөнүн агрардык потенциалын жогорулатып, Кыргызстанды жогорку сапаттагы тамеки өндүрүүчү катары таанытууга өбөлгө түзүүдө.