Кыргызстандын Улуттук банкы 27-октябрда негизги эсептик ченди 10% чейин көтөрдү. Бул чечим өлкөдөгү инфляциянын өсүшү жана тышкы экономикалык шарттардын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу кабыл алынган.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубековдун айтымында, жыл башынан бери өлкөдө керектөө бааларынын өсүшү байкалган. Май айынан тартып баалардын жогорулоосу тездеп, дүйнөлүк чийки зат жана товар базарларындагы баалардын өзгөрүшү Кыргызстанга таасир эткен. Маалыматта айтылгандай, эсептик ченди көтөрүү аркылуу Улуттук банк инфляциянын орто мөөнөттө таасирин минималдаштырууну көздөйт.
 
		 
		 
		


