"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

БШК: Талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт

Эртең, 30-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууну каалаган талапкерлерден арыздарды кабыл алуу аяктайт.

Маалыматка ылайык, 30-октябрда саат 18:00гө чейин арыздар кабыл алынат. 28-октябрга карата талапкерлерден түшкөн арыздардын саны 531ди түздү. Ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген.