Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, башкы планга ылайык Ош шаарынын борбордук көчөсү заманбап өңүттө жаңыланат.
Маалматка ылайык, шаардын Р.Абдыкадыров көчөсүнүн Курманжан-Датка көчөсүнөн Закиров көчөсүнө чейинки аралыгы башкы планга ылайык ачылып, аталган көчө Б.Осмонов көчөсүнө чейин кеңейтилет. Ошондой эле заманбап шартка ылайык көрктөндүрүлүп, толук түрдө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Заманбап жол чырактар орнотулуп, жолдогу эскилиги жеткен бетон тосмолор мрамор таштар менен жасалгаланып, көчөгө заманбап жана эстетикалык көрүнүш тартууланат.
Аталган көчө Ош шаарын экиге бөлүп турган Ак-Буура дарыясынын үстүнөн өтүп, шаарды бириктирип турган өзгөчө мааниге ээ борбордук көчө болот.
Бул иштердин эскиздик долбоору Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.
 
		 
		 
		


