"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Баткенге күн электр станциясы курулат

Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кытайдын States Technology Co., Limited жана «Сан Энерджи Ко» компаниялары ортосунда Баткенге 250 МВттык күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду. Тактап айтсак, Баткен облусунун Ак-Турпак айыл аймагына жалпы 669,3 гектар жерге 250 МВттык күн электр станциясы курулат. Аталган станцияны куруу иштери 2025-жылы баштоо жана 2027-жылы ишке киргизүү пландалган. Бул долбоор ишке ашырылса Ак-Турпак аймагынын тургундарын электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.