"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди жана боордош өзбек элин ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын башталышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын башталышына байланыштуу Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевке жана боордош өзбек элине куттуктоо жолдоду.

Президенттин куттуктоосу:

«Урматтуу Шавкат Миромонович!

Кыргыз элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Сизди жана боордош өзбек элин ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын башталышы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Бул маанилүү окуя Борбор Азия үчүн тарыхый мааниге ээ. Мындай чоң иш-чара ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасынан башка аймакта кырк жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Бул Өзбекстан Республикасынын жогорку эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркын айгинелеп турат. Ошол эле учурда Борбор Азия аймагынын дүйнөлүк аренада маданий, руханий жана гуманитардык кызматташтыктын маанилүү борбору катары таанылып жаткандыгын далилдейт.

Мындай деңгээлдеги форумдун илимдин, агартуунун жана руханий мурастардын бешиги болгон байыркы Самарканд шаарында өткөрүлүшү өзгөчө символикалык мааниге ээ. Себеби, бул Өзбекстандын түрдүү цивилизациялар ортосундагы көпүрө катары тынчтыкты, өз ара түшүнүшүүнү жана жаратуучулукту жайылткан борбор экенин дагы бир ирет тастыктап турат.

Конференциянын жүрүшүндө көтөрүлгөн демилгелер жана кабыл алынган чечимдер билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы өз ара кызматташтыкка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына, элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө жана биздин аймактын мындан аркы гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин.

Боордош өзбек элинин бул маанилүү иш-чараны ийгиликтүү өткөрүп алышына, талкуулардын жемиштүү болушуна тилектешмин.»