Кыргызстанда жыл башынан бери 10 машина-трактордук станция түзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 мамлекеттик, 2 муниципалдык жана 7 жеке менчик МТС болуп саналат. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырганда 16 пайызга өстү. Натыйжада 65 жаңы жумуш орду түзүлдү.
Мындан тышкары, Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагындагы “Сель-энерго” ишканасынын базасында дагы бир мамлекеттик МТС ачуу пландалууда. Тендер аркылуу 50дөн ашык айыл чарба техникасын сатып алуу каралган. Учурда алардын 20дан ашыгы алынган. МТСтин толук кандуу иштеши үчүн техникаларды сатып алуу менен катар, имараттарды оңдоо жана инфраструктураны жакшыртуу иштери жүргүзүлөт. Жаңы мамлекеттик МТСтин ачылыш аземи 15-ноябрга белгиленген.
Ошентип, ар бир райондо агротехникалык кызмат көрсөтүүчү машина-трактордук станцияларды түзүү планына ылайык, республика боюнча жалпы 182 МТС уюштурулду. Алардын 62си муниципалдык, 120сы жеке менчик болуп эсептелинет.

