Кыргыз Республикасынын эл артисти Асылкүл Набиева 75 жаш кутман куракка келип отурат. Ал Кыргыз театр өнөрүндө жана киносунда 60тан ашык ролдорду өтө чеберчиликте берилүү менен аткарып, көптөгөн көрөрмандардын кумирине айланган. Азыркы күндө да Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында спектаклдерде ролдорду аткарып, устат катары жаш артисттерди өнөр чеберчилигине үйрөтүүдө.
Кыргыз Республикасынын театр өнөр чеберлери бүткүл Советтер союзуна белгилүү болуп, андан тышкары чет мамлекеттерге гастролдорго барып, өздөрүнүн чеберчилиги менен жер жүзүнө таанымал боло алышты. Алар таланттуу, кесипкөй болуп көрүүчүлөрдүн, угуучулардын эстеринде калган. Ошол артисттердин плеядасында Асылкүл Набиева да бар.
А. Набиеванын жаштыгы, жемиштүү эмгек жылдары М. Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын гүлдөп турган чагына туш келип, 1979 –1991-жылдар аралыгында Нарын театрында эмгектенди. Ал жараткан Күлүмкан, Гонерилья, миссис Форд, Мелита, Каныкей, Аксаамай, Бурма, Назми, Инкамал, Катерина Ивановна ж.б. түркүн кырдуу образдарын алгачкы ирет жаратуу учуру Нарын облустук музыкалык драма театрында иштеген жылдарына туура келет.
Асылкүл Набиеванын шакирттеринин бири акын жана котормочу Лейла Карасартова устаты менен алгач таанышкан кези, улуу таланттан алган таасирлери менен бөлүштү:
– Асылкүл эже менен “Солто” коомдук бирикмесинде иштеп жүргөндө таанышкам, андан бери он чакты жыл өттү. Асылкүл эже активдүү жарандык позициясы бардыгынан, ар кандай коомдук иш-чараларга да активдүү катышып турат. Чогулуштарда сөз берилгенде ойлорун кыска-нуска айтат, демек, башкалардын убактысын баалаган адам. Кээде кеңсеге кирип, жай чай ичишип отурганда, шашпай көп нерселерди айтып берет. Эже бир кептерди айтканда жанына жакын олтуруп уккум эле келип турат, себеби эже аябай сонун аңгемечи. Башкысы, эженин аңгемелеринен өзүмө баалуу сабактарды алам.
Бир жолу 8-Март майрамынын астында офиске келип мени куттуктап, бир нече кызыл жоогазын гүлүн тартуулады. Эл актрисасынын колунан гүл алуу өзүнчө эле бир кубаныч, сыймык эле. Мен ал гүлдестени конференц-столго вазага коюп койдум, ал көпкө чейин турду. Жоогазындар соолуп калганда деле көпкө чейин ыргыткым келбей жүрдүм, анан ал гүлдөр менен араң ажыраштым. Эже мага ар дайым “балам, садагам” деген сөздөр менен кайрылат. Демек эже абдан мээрман, боорукер аялзаты.
Асылкүл Набиева театрда эмгектенүү менен кино тасмаларга да тартылып, мыкты образдарды жарата алды. “Кыргызфильм” жана “Кыргыз телефильм” тарткан Ж. Абдыкадыровдун “Өмүр жазы” (1978-ж.), Ж. Сооданбектин “Жашоо үчүн курман болгондор”, “Кызтуубас” (1989-ж.), Эрнист Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү” (2003-ж.), Т. Нуркуловдун “Ашык болгон ууру” (2008-ж.) ж.б. тасмаларында башкы ролдорго тартылган. Актрисанын кинотасмаларда жараткан образдары кино сүйүүчүлөрдүн жүрөктөрүнөн түнөк таап, элдин эсинде калды.
Театр – көп өнөрдүн – адабияттын, музыканын, вокалдын, хореографиянын бириккен кошундусу болгондуктан, театр актёру ар тараптан билимдүү, табияттан таланттуу адам болушу керек. Театр – таланттуулардын өнөр секиси. Театрда – драматург, актёр, бутафор, гримёр, жамааттын дагы башка мүчөлөрү тыгыз байланышта иштеп, бири-биринин ой-пикирлерин уга билүүлөрү керек. Асылкүл эжебиз командада тил табышып иштеше билген айым. Андыктан да Кыргыз театр өнөрүн бир канча мыкты образдар менен байытты. Атап айтсак:
Ч. Айтматовдун “Эрте келген турналарында” – Инкамалдын, “Кыяматында” – Күлүмкандын, “Бетме-бетинде” – Аксаамайдын, У. Шекспирдин “Король Лиринде” – Гонерильянын, “Винсордук ойсокелеринде” – миссис Форддун, Д. Маанаеванын “Көгүлтүр таңында” – Үмүттүн, С. Сарыгуловдун “Көк бетинде” – Асипанын, С. Сарыгуловдун “Куу дөңгөчүндө” – Маркатайдын, К. Баялиновдун “Эркиндиктин курмандыгында” – Айшанын, Ф. Достоевскийдин “Кылмыш жана жазасында” – Катерина Ивановнанын, К. Мамбетакуновдун “Үкөйүндө” – Берметтин, “Жыгылган ооганга күлөт” драмасында – Дүрия, Бурма, “Ашырбайда” – эненин, А. Цагарелинин “Ханумасында” – Хануманын, Ж. Садыковдун “Таабалды Пудовкинди эскерүүсүндө” – Аннанын, Н. Исламовдун “Бактиярдын ырында” – ханышанын, Б. Васильевдин “Тизмеге кирбей калганында” – Валянын, М. Тойбаевдин “Талаа гүлдөрүндө” – эненин, И. Бактияровдун “Кечир, ак жылан” драмасында – Жамалдын, Т. Осмоновдун “Айкөлдүн арсар ойлорунда” – Каныкейдин, Э. Лемандын “Вестсайд окуясында” – Анитанын, В.Л. Соловьёвдун “Кожо Насреддининде” – Отунбүбүнүн, С. Ахмаддын “Күйөө баласында” – Назминин, А. Макаёноктун “Трибуналында” – Галянын, Э. Турсуновдун “Байтигинде” – Апардын, Б. Абдылдаевдин “Айымдарга” драмасында – Аял, кемпир, алып баруучунун, Н. Давлесовдун “Аста секин колуктусунда” – Барсананын образдары көрөрмандардын жылуу пикирлерин жаратып, А. Набиеванын актёрдук чеберчилигин даңаза кылды. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата “Бурана” мунарасына коюлган С. Акматовдун “Каган Баласагын” тарыхый драмасында Баласагындын энеси Айсулуунун образын жаратты.
Акын жана котормочу Лейла Карасартова Асылкүл Набиева менен спектаклдерди которууда, сахнага даярдоодо, андан сырткары өмүрдүн күнүмкү сапарларында чыгармачылык да, тек гана эже-сиңдилик да жылуу мамиледе болуп келишет. Лейла Карасартова Эл артистинин инсандык көп кырдуу сапаттарын суктануу менен белгиледи:
– Асыл эже ар бир ролуна аябай кылдаттык менен даярданат. Ар бир ойногон образын ачыш үчүн – кандай кийиниш керегин, ар бир кыймылынан бери, кандай манерада, кандай үн тембри менен, иши кылса ийне-жибинен бери ойлонуп, ички дүйнөсүнөн өткөрүп сахнага чыгарганы көрүнүп турат. Асыл эже маданият тармагында компетенттүү адис, сахна чебери, жогорку деңгээлдеги кесипкөй инсан. Актерлук ишине, коомдук иштерге да баш-оту менен берилип кетсе да, үй-бүлөнү да күтө алган, баласаак, эпчил, камкор айым. Эженин келбети келишимдүү, кийген кийимдери өзүнө жарашыктуу, аксессуарлары да кийимге карата тандалып тагылганы байкалат. Иши кылса, аябай элеганттуу айым. Чоң, балбылдаган жашыл көздөрү, ак жуумал жүзү, жумшак мамилеси, коңур үнү менен кишини өзүнө тартып турат. Асылкүл Набиева 75 жашка толуп отурса да, алигече жаш, ажарлуу айым.
Кыргыз Республикасынын эл артисти Асылкүл Набиева… Бул бийик даражалуу наамга татыш үчүн каарманыбызга канча сындан, канча кырдан өтүүгө туура келди. Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры имаратсыз иштеген күндөрдө да ишин таштабаганы, айлыгынын аздыгына чыдаганы – мунун баары Асылкүл эженин кыйынчылыктардан коркпогонун, аларды жеңе билгенин, өз кесибине терең берилгенин далилдеп турат.
Кыргыз эл артисти Асылкүл Набиева – Кыргыз көркөм өнөрүнүн бүгүнкү күндөгү эң таланттуу өкүлдөрүнөн экени талашсыз. Андыктан улуу таланттын өнөр табиятын аркалап, инсандык таалим-тарбиясын алып, сыймыктуу жолун уласак деген таланттуу жаштардын мууну да өсүп келатат. Алардын эртеңки келечек сапарында, албетте устат Асылкүл Набиеванын салымы бар.
Фатима Абдалова,
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер

