"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

ИИМ: «Өздөрүн Түндүк системасынын кызматкери катары тааныштырган алдамчылардан сак болуңуз»

Ички иштер министрлиги жарандарга өздөрүн Түндүк системасынын кызматкери катары тааныштырып, өздүк маалыматтарды сураган алдамчылардан сак болууну эскертти.
«Урматтуу жарандар! Өзүңүздөрдүн жеке маалыматтарыңыздарга сак болуп, шектүү чалууларга ишенбеңиздер. Жеке маалыматыңызды сактаңыз. Алдамчылар сиздин ишенимиңизди колдонуп кетпесин!
Адамдардын ишенимин пайдаланып, алдамчылык менен алектенгендер мыйзам чегинде жоопко тартылат», – деп жазылат маалыматта.