"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Маданият министри Тажикстандын элчиси менен жолугушту

2025-жылдын 4-ноябрында Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Кыргызстандагы Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. Тараптар маданий жана гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөнүн жолдорун талкуулашты.

Министр 2025-жылы өткөн Кыргызстан Маданият күндөрүн жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн тажик тарапка ыраазычылык билдирип, 2026-жылы өтө турган Тажикстан Маданият күндөрүн колдоого даяр экенин айтты.

Өз кезегинде элчи биргелешкен маданий жана жаштар долбоорлорун ишке ашырууга даяр экенин билдирди.