Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрь күнү Ош шаарында Маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага мэрдин орун басары Нурлан Закиров, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, маданият тармагындагы кызматкерлер, чыгармачыл адамдар жана ардагерлер катышты.
Бул күнү үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге Ардак грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды. Салтанат концерттик программа менен коштолду.

