ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, Ички иштер министрлигинде коллегиялык жыйын өтүп, министрликтин жетекчилик курамында ротация жүргүзүлдү.
Маалыматка ылайык, Ички иликтөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги Алмаз Осмонбеков кызматынан бошотулуп, ички аудит кызматынын башчылыгына дайындалды.
Ал эми министрдин кеңешчиси Улан Бийбосунов Осмонбеков мурда жетектеген кызматка бекиди.
Жыйында ошондой эле жол кырсыктарынын көбөйүшү белгиленип, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробековдун кызматынан бошотулганы айтылды.

