"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Эртең калаанын түндүк тарабында убактылуу суу өчүрүлөт

Эртең, 6-ноябрда, Энесай суу алуучу жайындагы жана шаардын суу менен камсыздоо тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу Энесай, Дордой-1 жана Дордой-2 конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерде ичүүчү суу берүү саат 10:00дөн 16:00гө чейин токтотулат.

«Бишкексууканал» ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранды.