"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Аба ырайына байланыштуу оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн айрым тоо ашууларында оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө коюлду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, чектөө Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунун 60-чакырымында, ошондой эле “Сосновка” жана “Чычкан” постторунда киргизилди.

Бул чара жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана мүмкүн болуучу жол кырсыктарынын алдын алуу максатында көрүлүүдө. Учурда тиешелүү кызматтар жолдорду тазалоо жана кум-туз себүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Жол каттамынын кайра ачылышы тууралуу маалымат кошумча түрдө берилери белгиленди.

ЖКККББ жарандарды жана айдоочуларды аба ырайынын шарттарын эске алууга, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана мүмкүн болушунча алыскы сапарларды убактылуу жылдырууга чакырат.