"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Кыргыз спортчулары Азия оюндарынан 21 медаль менен кайтышты

Бахрейнде өткөн III Өспүрүмдөр Азия оюндарына катышкан кыргыз спортчулары өлкөгө кайтып келишти. Алардын арасында алтын медаль ээси Рамазан Тянгубер, коло байге тагынган Абдусомад Тынчтыкбеков, Мухаммед Мухамедов, ошондой эле бокс жана дзюдо боюнча күмүш медаль уткан Зубаир Акрамов, Эрлан Кадырбаев жана Милена Бөрүболотова бар.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, машыктыруучулар жана жакындары тосуп алышты.

Эске салсак, Бахрейн Падышалыгынын Манама шаарында өткөн III Өспүрүмдөр Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 145 спортчу 18 спорт түрү боюнча катышып, жалпы 21 медалга (1 алтын, 9 күмүш жана 11 коло) ээ болушту.