"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси «Достук» ордени менен сыйланды

Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп, Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дүйшекеев II даражалуу «Достук» ордени менен сыйланды.

Сыйлык Казакстан Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.

Аземде Казакстандын Тышкы иштер министри Ермек Кошербаев эки боордош элдин ортосундагы саясий диалогду жандандырууда, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүдө Элчи Дастан Дүйшекеевдин жигердүү ишин жогору баалады.

Белгилей кетсек, «Достук» ордени мамлекеттер ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө зор салым кошкон жарандарга берилүүчү Казакстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгы болуп саналат.