"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Акциздик маркасы жок 3,4 миң литр мотор майы аныкталды

Бишкек шаарында өткөн рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө акциздик маркасы жок ири көлөмдөгү мотор майлары табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын Биринчи Май районундагы кампаны текшерүүдө жалпы көлөмү 3 миң 400 литр болгон 170 канистр акциздик маркасы жок мотор майы жана баштапкы коштомо документтери жок оор жүк ташуучу унаалардын муздатуу системасынын 75 радиатору аныкталган.

Бул факты боюнча салык кызматкерлери тиешелүү актыларды түзүп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.