Президент Садыр Жапаров Египетке болгон расмий сапарынын алкагында Гиза аймагындагы атактуу пирамидалар комплексин жана Чоң Египет музейин көрдү.
Мамлекет башчысына Египеттин эң байыркы цивилизациясынын жана маданий мурасынын символу болгон пирамидалардын тарыхы тууралуу маалымат берилди.
Андан соң Президент Египеттин президенти тарабынан 2025-жылдын 1-ноябрында салтанаттуу түрдө ачылган Чоң Египет музейине барды. Ал байыркы Египет артефакттарынын коллекциясы чогултулган дүйнөдөгү эң ири археологиялык музей болуп саналат.
Соңунда Садыр Жапаров музейдин ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

