Орто-Токой ГЭСи 2026-жылдын биринчи жарымында ишке берилет. Бул боюнча Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда маалым болду.
Министр 4-ноябрда Орто-Токой ГЭСиндеги курулуш иштеринин жүрүшүн текшерип, «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун жетекчилигинен маалымат алды.
Ишкананын башкы директору Шакир Саидовдун айтымында, ГЭСтин курулушу 75% бүткөрүлдү жана жумуштар бекитилген ырааттамага ылайык жүрүүдө. Учурда суу алуучу дарбаза жана узундугу 928 метр болгон деривациялык туннелдин 624 метри бетондолду.
Белгилей кетсек, жаңы курулган Орто-Токой ГЭСинин кубаттуулугу 21 мегават болот.

