"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Эркин Тоо гезити

Канатбек Абдрахматов: «МАКСАТЫБЫЗ – ДООРУБУЗДУН ТАЛАБЫН ОРУНДАТУУЧУ ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНА АЙЛАНУУ»

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы мамлекет менен бирдикте узак жана үзүрлүү жолду басып өттү. Академия өлкөнүн өнүгүүсүнө көмөктөшкөн, анын жаратылыш байлыктарын изилдеген, ачылыштарды жасаган жана илимий мектептерди түзгөн чыныгы алдыңкы изилдөөчүлөрдүн – илимпоздордун башын бириктирип келет.

1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун академиялык борбору түптөлүп, анын 100 жылдыгы өткөн жылдын 31-августунда салтанаттуу белгиленди. 1943-жылы СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалы, ал эми 1954-жылы Кыргыз филиалынын базасында өлкөбүздүн Илимдер Академиясы уюшулган.

Кыргызстандын илими коомдук жана улуттук статуска ээ болгонго чейин бир топ жолду басып өттү.  Ошондой эле илимдин академиялык тарыхы ар түркүн ачылыштарга бай.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын жамааты Илим күнүн зор кубаныч менен белгилешет. Илимий  чоң-чоң ийгиликтерди жаратып келе жатышкан залкар окумуштуулардын куттуу коломтосуна айланган бул жайда улутубуздун сыймыктуу инсандары эмгектенишет. Улуттук илимдер академиясынын илимий изилдөөлөрүнүн негизги максаты – өлкөбүздүн экономикасына, өндүрүшүнө, социалдык турмушуна таасир берген натыйжаларга жетишүү.

Акыркы мезгилдерде илимдер академиясында ийгиликтүү аракеттер натыйжаларын берүүдө. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, президенти Абдрахматов Канатбек Ермекович биз менен болгон маектешүүсүндө УИАнын бүгүнкү күндөгү абалы, академиядагы максаттарга жетелеген изденүүлөр, аракеттер туурасында  айтып берди.

– Канатбек Ермекович, Сиз ушул мекемеге жетекчи болуп келгениңизден бери 3 жылга чукул мезгил өтүп кетиптир. Ошол келген күнүңүздөн кызуу аракеттердин айланасында чапкылап эле иштеп жатасыз. Ошол аракеттердин натыйжасы кандай болууда?

– Чындыгын айтканда ошол убакыттан бери жасалып, үзүрүн берип жаткан аракеттер үчүн мактанууга деле ниеттерим бар. Ошону менен катар эле, бир нерсе кескин түрдө өзгөрүлүп кетти деп ооз толтуруп деле айта албайбыз. Анын бир нече себептери бар. Эң негизгиси эле илимге кызыккан жаштарыбыз дагы деле Илимдер академиясына келгилери келбейт. Азыркы тапта айлык маяналарыбыз 100 пайызга көтөрүлгөнү менен, ал анчалык чоң акча эмес. Андан  сырткары кандайдыр бир чоң илимий иштерди жасоого жана ачууга дараметтери жетиштүү окумуштуулардын улуу мууну карып калды. Окумуштуулардын орто муундарынын жаш курактары 65-70 жашты түзөт. 70 жашка чыккан окумуштуулардын азыр жаңы технолгияларды, жаңы компьютердик программаларды өздөштүрүүгө шайлары деле калган жок. Албетте, алардын арасында жаш курагына карабай жаштар менен кошо жарышып иштеген эже-агаларыбыз арбын. Ошону менен катар мурун жаш кезинен эле топтоп келе жаткан илимий иштерин, ачылыштарын улам өзгөртүмүш болуп чампалай калып, ар күнү ишке келип-кетип айлыктарын үзбөй алып турууну адатка айландырган илимпоздор деле жок эмес. Азыр биз кандайдыр бир механизмдердин жардамы менен доорубуздун талабын канааттандырган илимий академияга айланууну максат кылуудабыз. Ошондуктан, биз алгалоо пландарын иштеп жатабыз. Бирок, ал аракеттерибиз дагы эртең-бүрсүгүнү эле натыйжаларын бере коет деген ойлордон алыспыз. Ал максаттарды ишке ашыруу үчүн Өкмөт менен мамлекеттен чоң колдоолор, каражаттар керек. Ооба, бизге каражаттар берилип жатат. Бирок, ал каражаттар керектүү багыттарга жумшалууда. Министрлер Кабинетинин мурунку башчысы Акылбек Жапаров учурунда биздин илимий академиябызга 300 млн сом бөлгөн. Андан бери 3 жыл өтсө дагы ошол акча ар кандай көйгөйлөр менен колубузга толугу менен тийе элек. Маселен, 100 млн сомго бааланган менин илимий долбоорумдун акчасын дароо эле менин эсебиме которсо, “Үч жылдан кийин долбооруңузду ишке ашырасыз. Натыйжасын бизге тапшырасыз” дешсе мен кантип жанталашып иштебей коём? Акчанын бир бөлүгүнө алгач ошол долбоорду ишке ашырууга зарыл болгон жабдуулар менен камсыз кылат элем. Бизде азыр андай мүмкүнчүлүк болбой жатат. Улам-улам акчаны аздан беришип, тамчылатып жатышат. Академия үчүн жабдууларды жалпы камсыз кылуу үчүн көп акча керек. Жабдууларды жалпы алып, илимий кабинеттерге орноттуруу үчүн көп күч, көп аракеттер зарыл. Бирок, биздин ушул аракеттерибиз, далалаттарыбыз менен Каржы министрлигинин ички тартиби, эрежелери дал келишпей жатат. Алар менен биргелешип илим кызыкчылыгы үчүн пайда алып келер жолду табуунун аракеттерин көрүп жатабыз.

– Бирок, мамлекет илимдер академиясынын көп жылдан бери оңдолбой турган имаратын заманбап шартта оңдоп бербедиби…

– Туура айтасыз. Бул чынында эле айтып бүткүс жардам, колдоо болду. Биздин академиябыздын имаратын заманбап үлгүдө оңдоп беришти.  Бирок, имаратыбыздагы  6 миң чарчы аянтчаны башка мамлекеттик ишкана-уюмдарга бердик. Азыр шаарыбыздагы “Ынтымак ордо” паркынын маңдайында чоң шаарча курулуп жатат. Министрликтердин бардыгы көчүрүлүп, ишкана-кеңсеси ошол жер болот экен. Азыр биздин имаратка  көчүп келген министрликтердин бөлүмчөлөрү ошол жакка көчүшөт деп жатышат. Ал жаңы конуш бир же бир жарым жылда бүтөт экен. Биздин имаратка көчүп кирген конокторубузду жайгаштыруу үчүн көп нерселерди кыскартып, жок кылдык. Айрым институттарды бириктирип, ар бир кабинетке ашыкча кызматкерлерди жайгаштырып, кысылып калдык. Биз буга макулбуз, мамлекеттик структурадагы бөлүмдөргө жардам берип, жайгаштырдык. Бирок, илимий багыттагы тажрыйба жүргүзгөн жерлерибизди алуу үчүн аракеттер көрүлүп жаткандыгын кандайча түшүндүрөбүз? Бар нерсени жок кылуу заматта эле ишке ашат, жокту бар кылуу мүмкүн эмес го акыры. Маселен, академияда суу маселелерин иликтеген долбоорлор менен иштеген илимий институт бар. Ушул илимий институттун кеңсесин, жерлери менен кошо бошотуп берүүбүздү билдирген Министрлер Кабинетинен кат келген. Азыр суу маселеси бүтүндөй ааламда, дүйнө жүзүндө терең изилденип, чоң көйгөйлөрдүн айланасында сөздөр айтылып  жатат.  Ал эми Борбор Азияда суу көйгөйү биринчи орунда тургандыгы баарыбызды тынчсыздандырууда. Анткени, көк тиреген мөңгүлөр, кашка суулар азайып жатат. Ошондуктан, сууну кантип сактап калуу керектигин талкуулаган жыйындарды коңшулаш мамлекеттер менен бирге өткөрүп жатабыз. Биздин окумуштуулардын пикиринде ушул 30 жыл аралыгында Орто Азия өлкөлөрүндө кээ бир мөңгүлөр жок болуп, таза суу кескин азаят. Башканы койдук, суу башында жайгашкан аймактарда дагы суу тартыштыгы жаралат. Ошондо чоң маселелер башталат. Азыр эми гидроэнергетика жана суу маселелерин иликтеген институттардын жерлерин жана имараттарын алабыз деп жатышат. Биз ушул институттарды сактап калуу үчүн ар кайсы жакка каттарды жазып, аракеттерди көрүп жатабыз. Бирок, бизди уга турган киши жок. “Аларды дагы башкы корпуска батырып алгыла, кабинеттерди тапкыла” деп жатышат. Каякка батырабыз? Ансыз деле ар бир кабинетте ашыкча адамдар отуруп кысылып жатабыз. Институттарды көчүрүп келип тыга берсек, баары батып кете тургандай имаратыбыз резинка эмес го акыры. Ал жерлерге башка ишкана-мекемелерди жайгаштырсак деген ойлору бар экен. Биздин эң маанилүү илимий институттун имарат жайына, тажрыйба жүргүзүүчү жерлерине көз артып башка мекемени жайгаштырып жатышса, анда Илимдер академиясынын деле дегеле кереги жок болуп калат окшобойбу деген арасат ойдо калдык.

– Илимдер академиясы бөлмөлөрдү, же имараттарды сактап калуудан башка аткаруу бийлигине өзүнүн сунуштарын айта алабы?

– Эмне үчүн айта албайт, айтып эле келе жатабыз. Маселен, Кочкор өрөөнүнөн баштап Казарман – Жалал-Абад багытына карай жаңы жол курулуп жатат. Ошол жол коркунучтуу аймакты кесип өтөт. Биздин Геология институтунун илимпоздорунун божомолунда ал аймакта 16 кооптуу деп мерчемделген аймак бар. Ал жерлерден таш кулашы, жер көчкү жүрүшү, кар көчкү жүрүшү мүмкүн экен. Өз мезгилинде окумуштуулардын божомолдоруна көңүл бурулбай жатат. Албетте биз бул долбоорду, иш-аракеттерди колдойбуз, мамлекетибиздин эли үчүн, экономикасы үчүн кызмат кылган жолдорубуз ар качан ачык болсун. Ошол жолдун галлареясы курулбай калыптыр. Аны эске алган адам жок. Мен бир нече өнүккөн өлкөлөрдө болуп тоолор арасында жол жүрдүм. Аларда дал ошондой аймактарда тоолордун боорлоруна таш кулап кетпес үчүн сапаттуу сеткаларды ороп коюшат. Ошол сеткалар кырсыктан сактайт экен. Эмнегедир бизде андай нерселер жок. Жылаңач кооптуу жолдорду салып жатканыбызга кубанып жатабыз. Жолдорубузга таш, көчкү түшүп, жол буулуп кыйналган учурларыбыз деле көп. Жол тилкелерин тазалоого кеткен каражатка ошол зымдардан алып төшөп салсак, ишибиз натыйжалуу болот беле. Биздин илимпоздорубуздун кеп-кеңештерине дагы көңүл бурулуп, иш жасалса абдан эле жакшы болмок.

Мындан 3 жыл мурун ошол эле суу көйгөйлөрүн изилдеген институттун жамааты шаардын мэриясына жана Министрлер Кабинетине атайын кат жазган. Катта жакынкы жылдары Бишкекте суунун азая тургандыгын, ошого азыртан даярдык керек экендигин айтышкан. Катта илимий иштердин натыйжалары кошо жазылып, далилдүү фактылары менен кошо тапшырылган эле. Ал каттын бир үлгүсү менде сакталып турат. Ал катка көңүл бурулбай калып кетти. Эки жылдан кийин Бишкектин жаңы конуштарында суу жетишпей авто суу ташыгычтар менен суу ташып калышты. Байтик аймагындагы дачаларда дагы суу жетишпей, суунун көлөмү 19 метрге түшүп кеткен. Бул аймак тоонун этегинде жана суунун башында жайгашкан. Илимпоздор коңгуроо каккандан кийин кошумча суу скважиналарын даярдап, ар кандай кырдаалдарга даяр турушса, мындай болмок эмес. Ал процесс токтогон жок, андыктан азыр деле аракеттерди күчөтүп турушса деген ой. Анүчүн биздин академиянын илимпоздору ар кандай долбоорлорду даярдап коюшту. Мисалы, көлдө Кумтөрдөн Нарын дарыясын көздөй суу кетип жатпайбы. Нарында суу жетиштүү, көлдө суу жетишпейт. Кумтөрдүн өйдө жагындагы мөңгү суулары Жууку суусу аркылуу көлгө агып келиш үчүн суу сактагычтарды курса, көлдүн тескей жагы суу менен камсыздандырылып калат эле.

Мен өзүм ушул көл кылаасындагы Кажы-Сай шаарчасында туулуп өскөм. Ал жерде суу абдан тартыш. Жай мезгилинде чакаларын көтөрүп алып эле суу издеп жүрүшөт. Ар качан суу тартыштыгы чоң көйгөй. Тосор суусу аркылуу Кажы-Сай шаарчасына канал алып келип ушул маселени чечели деген долбоор бар эле. Ал долбоор деле ишке ашпай калган. Азыр ал шаарчада ашып кетсе 2000 адам жашайт. Аз эле адам калыптыр, көчүрүп компенсация берип, жашоолорун жакшырталы деген чоңдор чыгар бир мезгилде. Мен ошол айылдын кулуну катары жердештеримди шарты жакшы жактарга көчүп кеткиле дегеним менен, колдоо болбосо мени туура эмес көрүшөт да. Мунун баарын академиянын окумуштуулары эбак эле билип туруп, каттарды фактылары менен кошо тиешелүү жерлерге жиберип турушкан. Бирок, колдогон адам болгон эмес. Ушул мен жетекчиликке келген жылдар ичинде деле канча жакка каттарды жазып, тынчсызданганымды билдирип турдум. Бирок жооп жок. Ал эми кимдир бирөөлөргө биздин илимпоздордун кызматы керек болсо, эшикти чертпей кирип келип, “бүгүн бешке чейин иш документтер даяр болсун” деп буйрук беришет. Анан айласыздан тиешелүү институттардын башчыларына ишти бүтүрүүнү тапшырасың.

Азыр арабызда ар кыл мүнөздүү ар кандай адамдар бар. Айрымдар КРнын Президенти
Садыр Жапаровдун өзүнө, “Жер титирөөнүн алдын алып, кантип болтурбай коюунун жол-жобосун билем” деп кат жазыптыр. Ал билерманды бизге жөнөтүшүптүр. Эч кандай далили жок адам “менин кулагыма ушул күнү жер титирейт” деп айтып жатат дейт. Бизге ар күнү ушундай каттардан 2-3ү келип, убакыттарыбызды, нервибизди жейт. Айтор суу көйгөйүн, жер титирөөнү ж.б. маселелерди чече турган “билермандарыбыз” абдан көп. Алардын ар бирине жооп берип кат жазышыбыз керек.

– Эл аралык маанидеги кызматташуулар кандай ишке ашырылууда?

– Биз негизи акыркы жылдары Кытай мамлекетинин окумуштуулары менен тыгыз иштеп жатабыз. Кытайдын илимдер академиясы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу окумуштуулар бөлүмү менен келишимдерди түзүп, эки өлкөгө тең пайдасы зор иштерди жасоону максат кылуудабыз. Алар менен чогуу иштөө өтө пайдалуу. Анткени Кытай катуу өнүгүп бара жаткан мамлекеттердин бири. Алар илим менен билимге каражаттарын аябаган мамлекет экендигине ыраазы болдум.  Мурун Америка, Европа мамлекеттеринин окумуштуу өкүлдөрү менен келишимдерди түзүп иштеп келчү элек. Азыр тилекке каршы иштей албай калдык. Анткени алар өздөрүнүн кызыкчылыктарын жогору коюп, биздин кызыкчылыктар экинчи планга калат экен.  Ар кайсы өлкөлөрдөн келишип Эвересттин чокусуна чыгып жатышпайбы. Эверестке жакын жашаган шерп деген эл бар. Алар альпинисттердин жүктөрүн чокуга ташып чыгарышат дагы түшүп кетишет. Альпинисттер чокунун башында маңдайы жарыла сүйүнүп, “Оо, мен чокуга чыктым!..”  дешип ылдыйга кол булгалашат. Альпинисттердин союзуна кабар беришет. Мээнеттерди жасап ушул абалга жеткирген шерптердин мээнети адал болсо дагы алар экинчи планда кала беришет, эмгектери эске алынбайт. Биздин окумуштуулар дагы ошол шерптердин таз кейпин кийип калган учурлары көп эле болду. Биздин илимпоздордун эмгектерин пайдаланышып, өз өлкөлөрүнө барып чоң илимпоздорго айланышты.  Кыргыздар өзү пейили таза иштерман калк эмеспи. Меймандос, ишенчээктигибизди айтпай эле коеюн. Англис тилин жакшы билбегендигибизден белгилүү дүйнөлүк басылмаларга илимий эмгектерибизди дагы баса албайбыз. Каражаттарыбыздын аздыгынан көп ойлогон ойлорубуз, максаттарыбыз ишке ашпай турат. Көп каражаттарыбызды илимге жумшап жиберсек, үй-бүлөбүздү кантип багабыз?

Эмнеси болсо дагы Илимдер академиябыз акырындап бутуна туруп жатат. Ал жетишкендиктерибиз сезилип жатат. Кесиптештеримдин мага “Канат Ермекович, сиздин демилгеңиз менен ушул жакшылыктарга жетишип калдык, чоң рахмат сизге!” деген сөздөрү мага чоң дем берет, ийгиликтерге шыктандырат. Мекемебиз капиталдык ремонттон өткөндөн кийин туш тарабыбыздын баары жаркырап, ар таңда академияга шашып келе жаткан илимпоз, окумуштууларды көргөндө кубанам, аларга ийгилик каалайм. Буйруса келечекте биздин Илимдер академиябыз кыргыз мамлекетине, элине талбай кызмат кылып, улут катары өнүгүүбүздө учугу узакка кеткен улуу жолду аркалай берет деген үмүтүбүз чоң.

– Маанилүү маегиңиз үчүн чоң рахмат! Илим күнү менен сизди куттуктайбыз! Бекем ден соолук, албан ийгиликтерди каалайбыз!

Раиса Дүйшөнбекова

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, президенти Абдрахматов Канатбек Ермековичтин куттуктоосу:

«Урматтуу окумуштуу-илимпоз устаттар, шакирттер, кесиптештер! Сиздерди 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк илим күнү менен куттуктайм! Өзүңүздөргө маалым болгондой, 10-ноябрь – Илим күнү Кыргызстанда 2002-жылдан бери белгиленип келе жатат. Коомубузду ар тараптан өнүктүрүүдө илимдин жана илимпоздордун ролуна зор маани берүү максатын көздөгөн бул дата кызуу белгиленүүдө.

Мен сиздер жасап жаткан иштер менен сыймыктанам. Сиздердин үзүрлүү эмгектериңиздердин жыйынтыгы менен өлкөбүздүн интеллектуалдык базасы толукталып, экономикабыздын өнүгүшүнө олуттуу салымдар кошулуп жатат. Кыргызстандын өнүгүшүнө зор ийгиликтерди алып келе турган илимий ачылыштарды, албан ийгиликтерди  жарата ала тургандыгыңыздарга ишенем жана тилектешмин.

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун, сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайм!»