Президенти Садыр Жапаров, 6-ноябрда Вашингтон шаарында өткөн «Борбордук Азия – АКШ» (С5+1) форматындагы саммитке катышып, жыйындын башталышынын алдында басма сөз үчүн билдирүү жасады.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө АКШнын Президенти Дональд Трампка жылуу кабыл алгандыгы жана эки тараптуу, аймактык жана эл аралык маанилүү маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарын өзүнүн маанилүү тышкы саясий өнөктөшү катары жогору бааларын белгиледи.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-америка кызматташтыгы төрт негизги багытта өнүгөрүн белгиледи:
-
экономика жана инвестициялар, туризм;
-
гидроэнергетика;
-
санарип экономика, жасалма интеллект жана IT-чөйрөсү;
-
коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо.
Мамлекет башчысы ошондой эле кыргыз тарап АКШнын глобалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана дүйнөдө жаңжалдарды токтотууга кошкон салымын жогору бааларын баса белгиледи.
“Мамлекет башчысынын кызматына келгенде мен өзүм үчүн эң маанилүү артыкчылыктуу милдет койгом — бул коңшу мамлекеттерибиз менен чек ара маселелерин тынчтык жана ынак коңшулук нугунда чечүү болчу. Бул милдетти кесиптештерим менен биргеликте тынчтык жолу аркылуу ишке ашыра алганыбызга канааттанам”, — деди Садыр Жапаров.
Президенттин айтымында, Борбордук Азия аймагынын дүйнөлүк саясаттагы ролу акыркы жылдары эбегейсиз өсүп, кызматташууну бекемдөөгө ири державалардын кызыгуусу күчөп жатат. Ал C5+1 форматындагы алака өз ара саясий диалогду өнүктүрүүгө жана конкреттүү жыйынтыктарга жетүүгө өбөлгө түзүп жатканын белгиледи.
Өз кезегинде АКШнын Президенти Дональд Трамп Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу маселесине токтолуп, бул чөлкөмдүн Чыгыш менен Батышты бириктирүүдөгү маанисин өзгөчө белгиледи. Ал ошондой эле экономикалык коопсуздукту чыңдоо жана жеткирүү чынжырын кеңейтүү АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттарынын бири экенин билдирди.

