"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

«Эркин-Тоо» гезити «Кызматташтык үчүн» төш белигиси менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик бир катар жарандарды мамлекеттик жана ведомстволук программаларды ишке ашыруудагы жигердүү салымы үчүн сыйлады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө, биргелешкен долбоорлорго жана демилгелерге жигердүү катышууга, билим жана мыкты практикаларды жайылтууга кошкон салымы үчүн бир катар адистерге “Кызматташтык үчүн” төш белгиси ыйгарылды.

Алардын катарында, «Эркин-Тоо» гезити Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн “Кызматташтык үчүн” төш белгиси менен сыйланды.