Борбордук шайлоо комиссиясы эртең, 8-ноябрда 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча жана мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак өткөрөт.
Ушул эле күнү 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн көп мандаттуу шайлоо округу боюнча катталган талапкерлердин меморандумга кол коюу иш-чарасы болот.
Ушуга байланыштуу, мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен өз ара тыгыз кызматташып, БШКнын атайын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт:
– “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чүчү кулак өткөрүү үчүн имараттарды техникалык жабдуулар менен лототрондорду камсыздоо;
– чүчү кулакты өткөрүүдө коомдук, анын ичинде эл аралык байкоочуларга катышууга жол берүү;
– чүчү кулакты өткөрүү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө алдын ала кабар жөнөтүү.
КР БШКнын атайын өкүлдөрү жана округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары 8-ноябрда өтүүчү иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү көзөмөлгө алат.
Чүчү кулак өткөрүү иш-чараларынын графиги.

