"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

«Эркин-Тоо» гезитинин 5 кызматкери сыйланды

Кыргызстанда Басма сөз жана маалымат кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Журналисттер союзунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага өлкөнүн аймактарынан келген журналисттер, редакторлор, медиа уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышты. Салтанаттын жүрүшүндө маалымат айдыңында көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан бир катар калем ээлери «Ардактуу журналист», «Мыкты журналист», «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгилери жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Алардын катарында «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары Шекербек Калыков «Ардактуу журналист» төш белгиси менен, саясат бөлүмүнүн кабарчысы Калыгул Бейшекеев «Мыкты журналист» төш белгиси менен сыйланды.

Ал эми жарнама жана аймактар менен иштөө бөлүмүнүн кабарчысы Кенже Осмоналиева Ардак грамотага ээ болду.

Ошондой эле Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан веб-сайт бөлүмүнүн кабарчысы Айгерим Дүйшөбаева «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси тапшырылды.

Аны менен катар Бактыбек кызы Мээрим Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Белгилей кетсек, 7-ноябрь Кыргызстанда Басма сөз жана маалымат кызматкерлеринин күнү катары белгиленип келет. Бул күнү коомдун өнүгүүсүнө салым кошуп келген медиа өкүлдөрүнө ыраазычылыктар айтылып, алардын эмгеги ар тараптан бааланат.