Мамлекеттик салык кызматы «накталай төлөмдөрдү жоюу» туурасындагы маалыматтын чындыкка туура келбей турганын билдирди. Ведомствонун айтымында, Салык жана Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр накталай төлөмдөрдү жоюуну эмес, накталай эмес төлөмдөрдүн тартибин тактоо жана жоопкерчиликти күчөтүүнү көздөйт.
2025-жылдын 29-октябрында кабыл алынган мыйзамга ылайык, салык мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Анда 2026-жылдын 1-январынан тартып өзүнүн жеке жак катары катталган накталай эмес төлөм жабдууларын же куралдарын колдонгон ишкерлерге жоопкерчиликти белгилеген ченем күчүнө кирет. Бул талапты бузган учурда төмөнкү чаралар каралган:
• биринчи жолу — эскертүү;
• кайрадан бузганда — жеке жактарга 50 ЭК, юридикалык жактарга 280 ЭК;
• бир нече ирет кайталанса — жеке жактарга 130 ЭК, юридикалык жактарга 650 ЭК айып пул.
Ошондой эле, банктар тарабынан салык органдарына маалыматты же аны белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн
Салык кызматы белгилегендей, өзгөртүүлөр накталай төлөмдөрдөн баш тартууну талап кылбайт. Ишкерлер товар жана кызмат акысы үчүн банк карталарын, электрондук акчаларды жана улуттук QR-коддорду кабыл алууга милдеттүү.
Учурда накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуудан баш тарткан ишкерлерге:
• жеке жактарга — 10 ЭК,
• юридикалык жактарга — 50 ЭК айып пул салынары эске салынды.
Ал эми үчүнчү жактын атына катталган QR-код же POS-терминал колдонгондорго:
• биринчи жолу — эскертүү,
• кайталап бузганда — жеке жактарга 200 ЭК, юридикалык жактарга 650 ЭК айып пул каралган.
Эмгек кодексиндеги өзгөртүүлөргө ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып жеке ишкерлер — жумуш берүүчүлөр чет өлкөлүк жарандарга эмгек акыны накталай эмес түрдө төлөөгө милдеттүү болушат. Накталай төлөөгө уруксат табигый кырсык, өзгөчө кырдаал же банк кызматтары жеткиликсиз учурларда гана берилет.
Салык кызматы бул чаралар бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга, эсептешүүлөрдүн ачыктыгын камсыздоого жана санарип финансылык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталганын баса белгиледи.

