Бүгүн, 10-ноябрда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө жаштарын Жаштар күнү менен куттуктады.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө төрага жаштардын өлкөнүн келечегин гана эмес, учурдагы өнүгүүсүн да аныктаган маанилүү күч экенин белгиледи.
“Урматтуу Кыргызстан жаштары!
Силерди – калкыбыздын 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандарын Жаштар күнү менен куттуктайм! Силердин эмгек өлкөбүздүн келечегин гана эмес, учурдагы абалын да аныктайт. Толкуган күч, тоодой үмүт силерде”, – деп белгиледи Касымалиев.
Ал белгилегендей, акыркы жылдары Кыргызстанда жаштардын билим алуусуна, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана коомдук турмушка активдүү катышуусуна багытталган бир катар иштер аткарылып жатат.
2023–2030-жылдарга карата Жаштарды өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын алкагында жаштардын демилгесин колдоого, билим берүү жана иш менен камсыз кылуу тармагындагы шарттарды жакшыртууга көңүл бурулууда.
Касымалиевдин айтымында, кыргызстандык студенттер Гарвард, Йель, Принстон, МИТ жана Европанын алдыңкы университеттеринде билим алып, өлкөнүн атын дүйнөгө таанытып жатышат. Ошондой эле акыркы жылдары турак жай курулушунун темпи жогорулап, жаштар үчүн үй алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейип келет.
Министрлер кабинетинин төрагасы IT, курулуш, өнөр жай, айыл чарба жана туризм тармактарында жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштер улантылып жатканын да кошумчалады.
Ал спорт жана интеллектуалдык тармактарда жетишилген ийгиликтерге өзгөчө токтолуп, кыргыз жаштарынын дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктери менен сыймыктанарын билдирди.
“Биздин жаштар билимдин, техника менен технологиянын жаңы моделдерин жаратып, экономиканын түзүмүн өзгөртө турган жаңылыктарды киргизүүгө жөндөмдүү экенин далилдеп жатышат”, – деди ал.
Касымалиев жаштардын потенциалы мындан да жогору экенин белгилеп, ар бир жигит жана кыз өз кесибин туура тандап, чебер адис болуп, эли-жерине кызмат кылууга чакырды.
“Толкуган күч, тоодой үмүт силерде, Кыргызстан жаштары. Силерге бакты-таалай, жаркын маанай жана албан-албан ийгиликтерди каалайм. Майрамыңар кут болсун!” – деп жыйынтыктады өз куттуктоосун Министрлер кабинетинин төрагасы.

