2025-жылдын башынан бери Бишкекте 5,7 миңден ашуун жогорку класстын окуучулары кесиптик багыт берүү боюнча тестирлөөдөн өтүштү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Окуучулардын кызыгууларын жана жөндөмдөрүн баалоо үчүн «Кызыгуу навигатору» жана кесиптик, социалдык жана жеке көндүмдөрдү аныктоо тесттери колдонулат. 2025-жылдын январь–октябрь айларында шаардагы 76 мектептен 5754 окуучу тестирлөөдөн өттү.
Мындан тышкары, окуучулар ар түрдүү кесип ээлери менен жолугушууларга катышышат: отчёттук мезгил ичинде № 75, 91 жана 50 мектептердин 142 окуучусу үчүн 4 жолугушуу уюштурулган. Ал эми № 68 мектептин 92 окуучусу Hyatt Regency Bishkek мейманканасына жана Сүймөнкул Чокморов атындагы № 10 кесиптик лицейине баруу менен эмгек шарттары жана окуу программалары менен таанышышты.
Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жаштардын келечектеги кесибин туура тандоосуна көмөк көрсөтүү максатында кесиптик багыт берүү программаларын активдүү ишке ашырып келет.
Борбордун ишинин негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:
- кесиптик тестирлөө жана жекече консультацияларды өткөрүү;
- ар кыл кесип ээлери менен жолугушууларды уюштуруу;
- ишканаларга жана окуу жайларына экскурсияларды уюштуруу;
- кесиптер жана бош орундар жарманкесине катышуу.
Кесиптик багыт берүү борбору 2021-жылдын 9-мартында Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен «Иш менен камсыздоого жана кесиптик окутууга көмөктөшүү» программасынын алкагында ачылган.

