Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-ноябрда, толук оңдоп-түзөөдөн өткөн спорттук аренанын ачылыш аземине катышты.
Спорт комплекси 5 000 көрүүчүгө ылайыкталып курулган жана ал Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жайгашкан. Жертөлөсү бар үч кабаттуу курулуштун жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт.
Жертөлөдө унаа токтотуучу жай, техникалык бөлмөлөр, электр калканы жана жылуулук түйүндөрү каралган. Биринчи кабатта машыгуу залы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, жуунучу бөлмө, медициналык пункт жана конференц-зал жайгашкан. Ал эми экинчи кабатта фуд-корт, кампалар, санитардык жана техникалык бөлмөлөр, ошондой эле көрүүчүлөр трибунасы орун алган. Үчүнчү кабатта VIP-зал жана көрүүчүлөр үчүн кошумча орундар каралган.
Мамлекет башчысы ачылыш аземде объектиге жаңы символикалык – «Жаштык» аталышын ыйгарууну сунуштады. Буга чейин ал Дөлөн Өмүрзаковдун ысымын алып жүргөн.

