"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Алматы – Каракол аба каттамы ачылат

Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрынан тарта Asman Airlines авиакомпаниясы Алматы – Каракол аба каттамын ишке киргизет. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын маалыматтык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдар жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Бул жаңы багыт туристтерге жана аймактар аралык байланышты жакшыртууга өбөлгө түзөт.