Курулуш министрлиги билдиргендей, Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу 1-Май айылында наркы 74 миллион сомду түзгөн мектептин курулушу жүрүп жатат.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө ишке ашырылууда.
Имараттын жалпы аянты 1 974 чарчы метрди түзөт. Жалпысынан 275 окуучуга ылайыкталган эки кабаттуу окуу корпусу өтмө галерея жана спорт залын камтыйт.
Курулуш-монтаждоо иштери «Элдияр Строй» ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.

