Бишкек шаарында 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган ири спорттук стадиондун курулушу уланууда. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.
Анын айтымында, жаңы стадион келечекте эл аралык деңгээлдеги спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыктуу заманбап комплекс болот.
«Буюрса, бул локация — эл аралык иш-чаралардын, спорт менен маданияттын ордосу болот», — деп жазды Орунбеков.

