"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Белгилүү актёр Табылды Актановдун 75 жылдык мааракеси белгиленди

Үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү актёр Табылды Актановдун 75 жылдык мааракеси белгиленди. Ага Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов жана маданият өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө Табылды Актанов манасчы, акын, актер, режиссер жана композитор катары көп кырдуу таланты менен кыргыз маданиятынын жана искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошконун айтты. Ошондой эле Табылды Актановдун чыгармачылыгы улуттук театр менен кинематографиянын өнүгүшүнө маанилүү түрткү болуп, элдин руханий дүйнөсүн байытып, искусстводо терең из калтырганын кошумчалады.

Марат Иманкулов чебердин тынымсыз чыгармачылык изденүүлөрүн, элге чексиз берилгендигин жана улуу мурасты ишенимдүү улап келе жатканын жогору баалап өттү.